Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Операцияда террордук уюмдун коммуникация инфраструктурасына олуттуу сокку урулду.

1989156
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жүргүзгөн операцияда, жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын байланыш жооптуусу делген Роди каймана аттуу Эмре Шахинди таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук чалгындоо уюму, ПКК/КЖКнын байланыш системасында колдонулган программаларды жазган Шахиндин Гарада экенин аныктады.

Уюмдун коммуникация инфраструктурасын түзгөн жана анын иштешине жооптуу болгон Шахиндин, Мурат Карайылан башкарган уюмдун жашыруун байланыш ыкмаларынын үстүндө иштегени белгиленди.

Операция учурунда Шахин, жансакчысы менен бирге таасирсиз абалга келтирилди.

Операцияда уюмдун коммуникация инфраструктурасына олуттуу сокку урулду.

ПКК/КЖКнын өзгөчө күчтөр карамагында иш алып барган жана коммуникация инфраструктурасынан жооптуу террористтин 2014-жылы уюмдун элет жердеги тобуна кошулганы маалымдалды.

Уюмга киргенден кийин Шырнак айылындагы коопсуздук күчтөрүнө каршы ар түрдүү акцияларга катышкан Шахиндин 2019-жылы Иракка барганы аныкталды.

Ирактын түндүгүндө жардыргыч зат өндүрүү иштерин жүргүзгөн террористтин 2020-жылдан бери уюм мүчөлөрү тарабынан колдонулган шифрленген байланыш ыкмаларын иштеп чыкканы жана хакердик бирдиктин жоопкерчилигин аткарганы кабарланды.



Тектеш кабарлар