Түркия эртең президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш берет

Жалпы өлкөдө Түркия убактысы боюнча саат 08:00дө баштала турган добуш берүү Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө аяктайт.

1985933
Түркия эртең президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш берет

Түркия президенттик жана парламенттик шейлоо үчүн эртең добуш берет.

Жалпы өлкөдө Түркия убактысы боюнча саат 08:00дө баштала турган добуш берүү Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө аяктайт.

Бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө токтотула турган үгүттөө иштерине 24 саат тыюу салынат.

Эртең  үкөктөр жабылганга чейин үгүттөрдү камтыган кабарлар жана берүүлөр жарыяланбайт.

Түркия убактысы боюнча саат 18:00 жана 21:00 арасында Жогорку Шайлоо Комиссиясынын шайлоо тууралуу кабар жана билдирүүлөрү жарыялана алат.

Түркия убактысы боюнча саат 21:00дөн кийин бардык берүүлөр эркин болот, Жогорку Шайлоо Комиссиясы  бул саатты эртеге жылдыра алышы мүмкүн.

Президенттик шайлоо бюллетенинде Режеп Таййип Эрдоган, Мухаррем Инже, Кемал Кылычдароглу жана Синан Огандын ысымдары орун алат. Бирок талапкерлерден Мухаррем Инже 11-майда талапкерлигинен баш тартканын жарыялаган. Компастарды басып чыгаруу жана таратуу иштери аяктагандан бери Инженин ысымы компастарда орун алууда.



Тектеш кабарлар