Түркиянын Хартумдагы элчилигинин кызматкерлери Порт-Суданга жетти

Чавушоглу менчик телеканалдын түз эфиринде суроолорго жооп берди.

1985344
Түркиянын Хартумдагы элчилигинин кызматкерлери Порт-Суданга жетти

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Суданда 15-апрелден бери уланып жаткан кагылышуулардын себебинен Түркиянын Хартумдагы элчилигинин кызматкерлеринин бүгүн Порт-Суданга жеткенин билдирди.

Чавушоглу менчик телеканалдын түз эфиринде конок катары күн тартибине баа берип, суроолорго жооп берди.

Судандагы кагылышуулардын учурда көчө согушуна айланганын белгилеген Чавушоглу, Түркиянын Хартумдагы элчилиги жайгашкан микрорайон жана көчөдө катуу кагылышуулардын болуп жатканын айтты.

Чавушоглу элчиликти убактылуу Порт-Суданга көчүрүү чечимин чыгаргандарын жана элчиликтин кызматкерлеринин бүгүн Порт Суданга барганын маалымдады. 

6-майда эвакуацияга даярдануу маалында элчиликтин унаасына ок атылып, унаага көп сандаган ок тийгенин эске салган Чавушоглу: «Алар андан да күчтүүрөөк куралдарды сынап көрүштү. Биздин учакка да кол салуу жасалды. Негизи бул жерде биз бир тарапты жактабайбыз, эки тарап тең сыйлашат, бирок башка күч бизди бул ишке аралаштыргысы келип жатат окшойт. Бул жерде батыштыктар да бар, бир тарапты жактаган аймактык өлкөлөр бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар