Ливиянын түрк фирмалары менен кызматташтыгы

Улуттук биримдик өкмөтүнүн вице-премьер-министри Рамазан Букенах Триполиде түрк ишкерлери жана түрк фирмаларынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.

1984647
Ливиянын түрк фирмалары менен кызматташтыгы

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн вице-премьер-министри Рамазан Букенах, өлкөнүн түштүк аймактарын жана шаарларын энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында өнүктүрүү үчүн түрк фирмалары менен кызматташууну каалагандарын айтты.

Вице-премьерликтин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Букенах Триполиде түрк ишкерлери жана түрк фирмаларынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар маселелер, айрыкча түрк инвестициялык компаниялары менен Түштүк өнүгүү жана өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы техникалык-кесиптик тажрыйба алмашуу, түрк инвестициялык компаниялардын технологиялык өнүгүүсүн пайдалануу жана мунун Ливиянын түштүк аймактарын өнүктүрүүдө пайдалануу темалары талкууланды.

Жолугушууда Түштүк өнүгүү жана өнүктүрүү агенттигинде иштеген кызматкерлерди окутуу боюнча түрк делегациясы менен кызматташууну арттыруу темасы да сүйлөшүлдү.

Вице-премьер Букенах жолугушуунун Ливия менен Түркиянын ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштардын маанисин чагылдырганына көңүл бурду.

Ливиянын Түркия менен тарыхый карым-катнаштары бар экенин айткан Букенах, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы карым-катнаштарды улантууга, экономикалык жана соода тармагындагы кызматташтыкты бекем сактоого маани бергендерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар