Шентоп Сербияга көңүл айтты

Шентоп социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Белградда башталгыч мектепке жасалган куралдуу кол салуунун кесепетинин терең кайгыга салганын айтты.

1982440
Шентоп Сербияга көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Сербиянын борбор шаары Белградда башталгыч мектепке жасалган куралдуу кол салууда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Шентоп социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Белградда башталгыч мектепке жасалган куралдуу кол салуунун кесепетинин терең кайгыга салганын айтты.

Сербия Республикасынын Улуттук парламенттинин төрагасы Владимир Орличке көңүл айткан Шентоп: «Боордош Серб элинин кайгысын тең бөлүшөмүн. Туугандарынан жана балдарынан ажыраган үй-бүлөлөргө көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар