Президент Эрдоган Гиресунда өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөдү

20 жылда жасаган иш-аракеттери менен өлкөнүн инфраструктуралык кемчиликтерин толуктагандарын баса белгилеген Эрдоган, бардык катмардын укук жана эркиндик талаптарын аткаргандарын айтты.

1982723
Президент Эрдоган Гиресунда өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бир жагынан Кара деңизде табылган жаратылыш газына кубанып, экинчи жагынан Габарда мунай заттын табылышын сүйүнчүлөгөндөрүн жана энергетика тармагындагы жакшы кабарлардын улана турганын ишара кылды.

Президент Эрдоган Гиресунда өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөдү.

20 жылда жасаган иш-аракеттери менен өлкөнүн инфраструктуралык кемчиликтерин толуктагандарын баса белгилеген Эрдоган, бардык катмардын укук жана эркиндик талаптарын аткаргандарын айтты.

Коргоо өнөр жайында чоң ийгиликтерге жетишкендерин билдирген Эрдоган, аткарган иштери менен күн тартибинен түшпөгөн ата мекендик жана улуттук учкучсуз учуучу аппараттардын бул жетишкендиктердин бир мисалы экенине көңүл бурду.

2013-жылдан кийин Эл аралык Валюта Фондуна карыздарын төлөп, бул уюм менен карым-катнаштарын үзүшкөндөрүн айткан Эрдоган, Түркиянын өзүн-өзү бага алган өлкө экенин айтты.

Эрдоган: «(2013-жылы) Борбордук банкыбыздын валюта резерви 27 жарым миллиард доллар болсо, азыр 115 миллиард доллар болду. Бул дагы да көбөйөт»,- деди.

Энергетика тармагындагы акыркы ачылыштарга басым жасаган Эрдоган: «(Кара деңизде табылган) жаратылыш газынын кубанычынан кийин (террордук уюм ПККдан тазаланган) Шырнак Габардагы мунай сүйүнчүбүздү сиздер менен бөлүштүк. Жылдык керектөөбүздүн ондон бир бөлүгүн түзгөн бул жаңылык бир эле аянттагы ачылыш болуп саналат»,-деп айтты.

Бүгүнкү күнгө чейин эмгек жана кызматтар менен алдыга чыккандарын билдирген президент, Түркия кылымына карай ишенимдүү кадамдар менен жолун уланта тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар