Түркия менен Кувейттин ортосундагы саясий кеңешме жыйыны

Жыйында эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашылды.

1973703
Түркия менен Кувейттин ортосундагы саясий кеңешме жыйыны

Түркия менен Кувейттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын 8-айлампасы тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапардын катышуусунда өткөрүлдү.

Кувейттин KUNA кабар агенттигинин маалыматына караганда, министрдин орун басары Акчапар жана аны коштогон делегация Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары Мансур Ияд ел-Отайби башчылыгындагы Кувейт делегациясы менен Тышкы иштер министрлигинин борбор шаар Кувейттеги башкы кеңсесинде жолугушту.

Сегизинчиси өткөрүлгөн Түркия-Кувейт саясий кеңешме жыйналышында, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык достук, кызматташтык карым-катнаштары жана аларды түрдүү тармактарда өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

Жыйында эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар