Togg министрлер тарабынан колдонула баштады
Түркиянын акылдуу унаасы Togg министрлер тарабынан колдонула баштады.
Түркиянын акылдуу унаасы Togg министрлер тарабынан колдонула баштады.
Togg менен биринчи сапарга чыккан адилет министри Бекир Боздаг: «Башка унаалардын үнүн угасың, бирок мен азыр уга турган үн жок. Машина үнсүз иштеп жаткандай. Муну колдонуу абдан ыңгайлуу экен»,-деди.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Togg менен болгон алгачкы сапарындагы сүрөттөрүн социалдык медиа эсебинен «Түркия кылымы» хештеги менен бөлүштү.
Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Деря Янык кызматтык унаасы Togg менен биринчи жолу жол кыймылына чыкты. Янык Togg унаасы менен министрликтин айланасын кыдырды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Түркиянын төңкөрүшү, ата мекендик жана улуттук унаабыз Togg министрлигибиздин инвентаризациясында. Дагы бир кыялды ишке ашырган президентибиз Режеп Таййип Эрдоган баш болгон салым кошкондордун баарына чоң рахмат»,-деп жазды.
Улуттук билим берүү министри Махмут Өзер да социалдык медиа эсебинде Togg унаасын айдап жатканда тартылган сүрөттөрүн бөлүштү.
Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу да Togg унаасын айдап жатканда тартылган кадрларды социалдык медиа эсебинен бөлүштү.
Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы менен алгачкы сапарга чыккан Касапоглуга жарандар чоң кызыгуу көрсөттү.
Касапоглу Togg унаасынын алдында жарандар менен сүрөткө түшүштү.