Эрдоган тышкы саясат тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын  ортосундагы чыңалуунун жана жаңы суук согуштун эч кимге пайда алып келбей турганын айтты.

1971310
Эрдоган тышкы саясат тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын  ортосундагы чыңалуунун жана жаңы суук согуштун эч кимге пайда алып келбей турганын айтты.

Президент Эрдоган Criterion журналына интервью берди.

АКШ   менен Кытайдын ортосундагы чыңалуулар менен Иран  -  Сауд Арабиянын жакындашуусунун эске салынышы жана тышкы саясаттагы абалдар тууралуу анализдердин суралышы боюнча : «Эл аралык саясат абдан кыймылдуу, бир нече белгисиздиктер бар. Ковид  - 19 эпидемиясы белгисиздиктерди арттырды. Андан кийин Россия  - Украина согушу менен эл аралык системадагы өзгөрүү жана алмашуу талаш  - тартыштары кайрадан күч алды. Глобалдык өлчөмдөгү болуп жаткан конкуренция да системага таасирин тийгизе баштады. Экономикалык, саясий жана аскердик абалдар бири бири менен тыгыз байланышта»,- деди.

Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалуунун эч кимге пайдасы жок экенин баса белгилеген Эрдоган :«Жаңы кансыз согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Анткени биз жалгыз күрөшүп ийгиликке жете албаган маселелер бар. Климаттын өзгөрүшү, мисалы, эң маанилүү маселелердин бири. Бул жалпы аракеттерди талап кылат. Террор да биргелешип аракет кылуу менен жеңе турган маселе»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун реформаланышы жана жакшы глобалдык башкаруу архитектурасынын түзүлүшү керектигин баса белгилеген Эрдоган : «Бул актуалдуу маселелер турганда АКШ менен Кытайдын ортосундагы саясий жана аскердик тирешүү дестабилдештирүүчү таасир жаратууда. Иран менен Сауд Арабиянын сүйлөшүү процесси аркылуу карым-катнаштарын нормалдаштырышы да Жакынкы Чыгышта уланып жаткан нормалдашуу процессине оң салым кошот деп ойлойбуз»,-деди.

Жаңы мезгилде тышкы саясатта Түркиянын огун бекемдөөнү максат кылгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Максатыбыз Түркиянын глобалдык актерлугун дагы да бекемдөө»,-деди.

Сирияда террорду жок кылганга чейин күрөштү уланта тургандарын белгилеген Эрдоган: «Саясий чечим, террор менен күрөшүү жана качкындардын кайтуусу жагдайларынын баарын бирдикте кароо керек. Бул мезгилде бул багытта  маанилүү кадамдарды таштайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар