Түркия Израилдин кийлигишүүсүн айыптады
Тышкы иштер министрлиги, Израиль күчтөрүнүн Масжид-ул Аксага жасаган кол салуулары жана провокацияларына байланыштуу билдирүү жасады.
Түркия, оккупацияланган Чыгыш Кудустагы Месжид-и Аксага операция жүргүзүп көп сандаган палестиналык жаранды камоого алган Израиль полициясынын кийлигишүүсүн айыптады.
Тышкы иштер министрлиги, Израиль күчтөрүнүн Месжид-и Аксага карай кол салуулары жана провокацияларына байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө: "Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн кечээ түндөн бери Харам-и Шарифтин ыйыктыгын жана тарыхый статус-квону бузуп Месжид-и Аксага операция жүргүзүшүн, Кыбыла мечитине баш калкалагандарга кийлигишип көп сандаган палестиналык жаранды камакка алышын айыптайбыз",-деп кабарланды.
Билдирүүдө Рамазан айында Акса мечитинде ибадат кылгандарга карата бул кол салуулардын эч кандай кабыл алынбай турганы баса белгиленип: "Газа баш болгон аймакка жайылган чыңалууга абдан тынчсызданып жатабыз. Израиль өкмөтү аймактагы чыңалуунун дагы да күчөшүнө алып келе турган ар кандай чагымчылдыкты, аракеттерди жана кол салууларды дароо токтотушу керек",-деген сөздөр камтылды.