Чавушоглу: "Швециянын ташташы керек болгон кадамдарды эске салдык"

НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Чавушоглунун эки тараптуу жолугушуулары уланууда.

1969862
Чавушоглу: "Швециянын ташташы керек болгон кадамдарды эске салдык"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуусунда Швециянын НАТОго кирүүсү үчүн ташташы керек болгон кадамдарды эске салды.

НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Чавушоглунун эки тараптуу жолугушуулары уланууда.

Чавушоглу Твиттер баракчасына: «Швециялык кесиптешим Биллстремге НАТОго кирүүсү үчүн ташташы керек болгон кадамдарды эске салдык. Террор менен күрөшүүдө натыйжага багытталган кызматташтык абдан маанилүү»,-деп жазды.

Чавушоглу Брюсселдеги эки тараптуу жолугушуулардын алкагында америкалык кесиптеши Энтони Блинкен жана финляндиялык кесиптеши Пекка Хаависто менен өз-өзүнчө жолугушту.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде уюмга мүчө болуу үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койгон болчу. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протоколго кол койгон Анкара, берилген убадалардын аткарылышын күтүп жаткан.

Милдеттенмелерин аткарган Финляндия Түркиянын НАТОго мүчөлүгүнө макулдугун алды.

Расмий процедура аяктагандан кийин Финляндия 2023-жылдын 4-апрелинде НАТОнун негизделгенинин 74 жылдыгында расмий түрдө альянска мүчө болду.



Тектеш кабарлар