Мевлүт Чавушоглу : "Нөл таштанды демилгеси дүйнөдө да ийгиликтүү болот"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркияда ийгиликтүү болгон «Нөл таштанды демилгесинин» дүйнөдө да ийгиликтүү болоорун жана Бириккен Улуттар Уюмунун  саясаты катары күчтөнөрүн ойлогондорун айтты.

1968270
Мевлүт Чавушоглу : "Нөл таштанды демилгеси дүйнөдө да ийгиликтүү болот"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркияда ийгиликтүү болгон «Нөл таштанды демилгесинин» дүйнөдө да ийгиликтүү болоорун жана Бириккен Улуттар Уюмунун  саясаты катары күчтөнөрүн ойлогондорун айтты.

Чавушоглу БУУнун 30-Март Эл аралык калдыктарды жок кылуу күнүнө арналган атайын сессиясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында кечээ Туркевинде түрк журналисттери менен жолугушту.

Айрыкча БУУда кабыл алынган чечим менен дүйнөгө үлгү болгон таштанды долбоорунун БУУнун саясатына айланганын белгилеген Чавушоглу ушул эле чечим менен 30-марттын да «Эл аралык нөл таштанды күнү» катары катталганын эске салды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу сөзүн төмөнкүчө улантты : "Президентибиз дүйнөлүк системаны, өзгөчө БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча баштаган демилгени "Дүйнө бештен чоң" деген ураан менен баштады.  Бул дүйнө жүзүндө колдонула баштады. Албетте экологиялык маселелерде да башка темаларда да "Дүйнө бештен чоң" деген ураан негизинен бир өзгөрүүнү белгилейт. Дүйнө абдан ылдам өзгөрүп баратат,  көптөгөн маселелер бар.  Бул маселелерди чечүү үчүн эл аралык система эффективдүү болушу керек. Батыраак  чечим кабыл алуусу керек.Бул экология маселесинде да ушундай, согуштарда да ушундай".

Чавушоглу БУУ менен бирдикте жүргүзүлгөн Кара деңиз дан коридору келишими, туткундарды алмаштыруу жана согуш да болгон бир нече тармакта Түркия менен кызматташуу ичинде аракет кылынгандыгын айтты. 


 



Тектеш кабарлар