Эмине Эрдоган Рассел менен жолугушту
Эрдоган социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө Рассел менен Нью-Йорктогу Түрк үйүндө (Түркеви) жолукканын жарыялады.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел менен жолугушту.
Эрдоган социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө Рассел менен Нью-Йорктогу Түрк үйүндө (Түркеви) жолукканын жарыялады.
ЮНИСЕФтин Стамбул Глобалдык кеңсесинин түзүлүшү үчүн кол коюлган келишимдин пайдалуу болушун каалаган Эрдоган: «Өлкөбүз үчүн абдан маанилүү болгон бул абалдын ЮНИСЕФ менен глобалдык кызматташтыкты арттыраарына ишенем»,-деп билдирди.
Расселдин да «Таштандысыз жакшы ниет декларациясына» кол койгонун белгилеген Эрдоган: «Ар бир баланын таза жана жашоого ылайыктуу дүйнө үмүтү болушу үчүн күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Нусрет-2023 чакыруу машыгуусу башталды
Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) маалымат берди.