Седат Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сирия тема болгон сессияда сөз сүйлөдү

Сириядагы кагылышуунун 13-жылына киргенин белгилеген Өнал Сирия калкынын согуш жана жер которуунун кыйынчылыктарын тартып жатканын айтты.

1964614
Седат Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сирия тема болгон сессияда сөз сүйлөдү

БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал  Сириянын саясий жана жеринин бүтүндүгүнө болгон берилгендигин уланткан Түркиянын ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын күн тартибин бузуу боюнча чечкиндүүлүгүн уланта турганын айтты.

Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сирия тема болгон сессияда сөз сүйлөдү.

Сириядагы кагылышуунун 13-жылына киргенин белгилеген Өнал Сирия калкынын согуш жана жер которуунун кыйынчылыктарын тартып жатканын айтты.

6-февралдагы жер титирөөлөрдөн мурда Сириядагы гуманитардык абалдын начар экендигине көңүл бурган Өнал : «Жер титирөөлөр ансыз да начар абалды ого бетер начарлатып, гуманитардык муктаждыктарды оор абалга алып келди. Бул абал БУУнун чек ара жардамдарын улантууну дагы да маанилүү кылып жатат»,-деди.

Сирияда уланып жаткан кризиске кайдыгер карай албай турганын баса белгилеген Өнал, саясий процесстин жанданышы керектигин айтты.

Өнал баш калкалоочулардын коопсуз, ыктыярдуу түрдө кайтышы үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү кризиске туруктуу чечүүчү жол табуу аракеттеринин бир бөлүгү болушу керектигин баса белгилеп : «Бул бүткүл эл аралык коомчулуктун орток жоопкерчилиги»,-деди.

Элчи Өнал : «Түркия Сириянын саясий жана жеринин бүтүндүгүнө берилгендигин улантып, ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын күн тартибин бузууда чечкиндүү»,-деди.



Тектеш кабарлар