Эрдоган Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу абалдар талкууланды.

1961499
Эрдоган  Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу абалдар талкууланды.

Эрдоган сүйлөшүүдө Финляндиянын бул процессте көрсөткөн мамилеси менен Швецияга караганда айырмаланганын белгилеп, Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколун Түркия Улуу Улуттук Парламентинде  бекитүү процессин баштоо чечимин чыгарышкандарын айтты.

Швеция менен сүйлөшүүлөрдү жакшы ниет менен улантууда чечкиндүү экендерин белгилеген Эрдоган процесстин кандай уланаары Швеция таштай турган конкреттүү кадамдарга менен байланыштуу экендигин белгиледи.

Ошол эле учурда Финляндиянын НАТОго кирүү протоколуна президент Эрдоган тарабынан кол коюлуп, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына сунушталды.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколун бекитүү процессин Түркия Улуу Улуттук Парламентинде баштоо чечимин колдой  тургандыгын айтты.

Столтенберг : "Бул Финляндиянын, Швециянын жана НАТОнун коопсуздугун бекемдейт. Түркия Улуу Улуттук Парламенти мүмкүн болушунча тезирээк бекитет деп ойлойм»,- деди.



Тектеш кабарлар