Пакистандын онунчу учагы Аданага жетти

Түркияга жардамдар уланууда.

1960806
Пакистандын онунчу учагы Аданага жетти
pakistan deprem yardim.jpg

Очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин жүргүзүлгөн иш-аракеттерге колдоо көрсөтүү максатында Пакистандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам материалдарын ташыган учак Аданага конду.

Пакистан өкмөтү тарабынан 50 миң чатырдын ташылышы үчүн "атайын учуу операциясынын" алкагында жөнөтүлгөн ичинде 1200 чатыр бар тогузунчу учак түн ичинде өлкөгө келгенден кийин 1200 чатырды ташыган онунчу учак Лахор шаарынан учуп чыгып эртең менен Адана аэропортуна конду.

Гуманитардык жардам материалдарын жеткирүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн аба көпүрөсү аркылуу акыркы келген учак менен бирге жалпы 12 миң 200 чатырдын Түркияга тапшырылышы аяктады.

Кыш шарттарына жана отко чыдамдуу чатырлар учактан түшүрүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Пакистандын Карачи портунан жол тарткан үч кеменин тең ушул айда Мерсинге келүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары берки жардамдар да Пакистан Эл аралык аба жолдорунун (PIA) Стамбулга үзгүлтүксүз каттаган учактарындагы бош жерлерге жүктөлүп жөнөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар