Эрдоган Нью-Йорктогу жолугушууларын улантууда

Эрдоган жолугушууларынын алкагында Украинанын президенти Зеленский менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрдү.

2191105
Эрдоган Нью-Йорктогу жолугушууларын улантууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясы үчүн Нью-Йоркко барган президент Эрдоган, Түрк үйүндөгү жолугушууларын улантууда.

Эрдоган жолугушууларынын алкагында Украинанын президенти Зеленский менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрдү.

Президент Эрдоган андан соң Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифти кабыл алды.

Жолугушууда Түркия-Пакистан  алакалары, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Кабыл алууда президент Эрдоган Түркия менен Пакистандын ортосундагы коргоо өнөр жайы жана экономика баш болгон көптөгөн тармактардагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн өз ара кадамдарды уланта тургандарын айтты. Израилдин Газадагы кол салууларынын токтотулушуна карата аракеттердин арттырылышынын маанилүү экенин баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын туруктуу ок атышпоо, тынчтыктын жолун ачуу жана палестиналыктарга чукул гуманитардык жардам жеткирүү үчүн аракеттерин арттырууну улантып жатканын билдирди.

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти да кабыл алды.

Жолугушууда Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын жаңы жылдын алгачкы айларында Түркияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Эрдоган андан кийин БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушту.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта БУУнун 79 - Башкы ассамблеясы үчүн Нью-Йоркко барган президент Эрдогандын Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен жолугушканы белгиленди.

Билдирүүдө,"Жолугушуунун борборунда Жакынкы Чыгыштагы барган сайын татаалдашып бараткан кырдаал, ошондой эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо жана адилеттүү жана бекем тынчтыкка умтулуу боюнча бирдиктүү милдеттенме болду".

Билдирүүдө ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда саммитти жана бизнес-форумду тез арада өткөрүүгө болгон жалпы каалоо дагы бир жолу кайталанды.



Тектеш кабарлар