Пакистан Түркияга көңүл айтты
Министр Шариф селде жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтып, Пакистандын бул оор учурда колунан келген жардамын көрсөтөөрүн айтты.
1960529
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Адыяман жана Шанлыурфада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Премьер-министр Шариф өз билдирүүсүндө, Исламабаддын табигый кырсыктар менен күрөшүү аракеттеринде Анкара менен тилектеш экенин белгиледи.
Шариф жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтып, Пакистандын бул оор учурда колунан келген жардамын көрсөтөөрүн айтты.