Toggдун сатуу процесси башталууда
Өнөр жай жана технология министринин орун басары Мехмет Фатих Кажыр, Тоггдун ушул аптада сатыкка чыгарын жарыялады.
Түркиянын Togg унаасынын чыдамсыздык менен күтүлгөн сатуу процесси башталууда.
Өнөр жай жана технология министринин орун басары Мехмет Фатих Кажыр, Тоггдун ушул аптада сатыкка чыгарын жарыялады.
Кажыр: «Togg дүйнөдөгү эң ийгиликтүү электр унаа бренддеринин бири жана көптөгөн технологиялык демилгелердин жаралышына себепчи болот»,-деди.
Тоггдун сатыкка чыга турган биринчи үлгүсү C сегментиндеги жол тандабас болот.
Ал эми тизме баасы жакында коомчулук менен бөлүшүлөт.
Тоггдун Бурса Гемликтеги өндүрүш базасында 29-октябрда массалык өндүрүш башталган. Жылдын аягына чейин 20 миңдей автоунаа чыгарылат. Алдыга коюлган максат 2030-жылга чейин 1 миллион унааны тапшыруу.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.