Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Фарук Каймакжы ишеним грамотасын тапшырды
Буга чейин тышкы иштер министринин орун басары милдетин аткарган Каймакжы экинчи жолу Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакжы Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелге ишеним грамотасын тапшырды.
Европа Биримдиги булактарынан алынган маалыматка караганда ишеним грамоталарын тапшыруу аземи классикалык азем форматы чегинен чыгып, болжол менен бир саатка созулган кабыл алуу болду.
Кабыл алууда элчи Каймакжы президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын Мишелге айтып, Кахраманмараштагы жер титирөөлөргө байланыштуу Европа Биримдигинин көрсөткөн тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда Европа Биримдигине талапкер өлкө Түркиянын Европа Биримдигинен күтүүлөрү жана аймактык маселелер да каралды.
Буга чейин тышкы иштер министринин орун басары милдетин аткарган Каймакжы экинчи жолу Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.