Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепети

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Түркия боюнча туруктуу өкүлү Луиза Винтон, Газиантептен видео конференция аркылуу БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн апталык пресс-конференцияга катышты.

1956139
Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепети

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркияда 6-февралдагы жер титирөөлөр келтирген зыян 100 миллиард доллардан ашат деп болжолдонгондугун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Түркия боюнча туруктуу өкүлү Луиза Винтон, Газиантептен видео конференция аркылуу БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн апталык пресс-конференцияга катышты.

6-февралдагы жер титирөөлөрдөн бери бир ай өткөнүн белгилеген Винтон, жер титирөөдөн улам аймакта 2,7 миллион кишинин жер которууга аргасыз болгонун, 600 миңге жакын имарат же жумуш ордунун кыйрап калганын кабарлады. 

Винтон: «Бүгүнкү күнгө чейинки эсептөөлөргө караганда, өкмөт көрсөткөн жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоого алынган зыяндын көлөмү 100 миллиард доллардан ашат деп болжолдонууда»,- деди.

Өкүл Винтон апааттын кесепетинин буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин билдирип: «Элдин үйлөрү, кыялдары, эскермелери, бардык нерсеси урандылардын астында калды. Бирок ушунчалык чоң кырсык болгондуктан 100 миллион куб метр урандыны пайда кылды жана бул абдан чоң көлөм»,-деп айтты.

Винтон: «Эл аралык коомчулукка билдирүүбүз, бул кырсыктын масштабынын канчалык чоң экенин түшүнүүлөрү. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш айткандай, Түркиянын сириялыктарга көп жылдардан бери көрсөткөн жоомарттыгын Түркияга көрсөтүүнүн учуру. Бул аймактагы физикалык инфраструктураны реконструкциялоону каржылоо же колдоо үчүн гана эмес, коомду нормалдаштыруу үчүн да өтө маанилүү. Ошондой эле аймакты кайра өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн көптөгөн каржылык механизмдер бар»,-деди.



Тектеш кабарлар