Мевлүт Чавушоглу БУУ жана ДСУнун реформага муктаж экендигин айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун мекемелери менен бирге Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) жана эл аралык каржы мекемелеринин кеңири реформага муктаж экениндигин айтты.

1953799
Мевлүт Чавушоглу БУУ жана ДСУнун реформага муктаж экендигин айтты
hindistan g20.jpg
cavusoglu g20.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун мекемелери менен бирге Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) жана эл аралык каржы мекемелеринин кеңири реформага муктаж экениндигин айтты.

Индиянын борбор шаары Жаңы Делиде болгон Чоң жыйырмалыктардын тышкы иштер министрлеринин жыйыны 6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө Түркия жана Сирияда каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө жер титирөөлөр учурунда көрсөткөн тилектештик үчүн ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу Көп тараптуулукту күчтөндүрүү жана реформа муктаждыгы, азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу менен өнүгүү кызматташтыгы темасындагы сессияда Түркиянын мамилесинин «көп тараптуулукту бекемдөө жана реформаларга карата муктаждыкты» баса белгиледи.

БУУнун реформасы болбостон кандайдыр бир көп тараптуу  аракеттин жетишсиз болоруна  көңүлдөрдү бурган Чавушоглу Коопсуздук Кеңеши, ДССУ сыяктуу БУУнун мекемелери менен бирге ДСУ жана эл аралык каржылык мекемелеринин кенен реформага муктаж экендигин баса белгиледи.

Чавушоглу : « Реформа  аракеттери жеке күтүүлөрүбүзгө эмес, дагы көп жакшылыктарга багытталышы керек»,- деди.

Министр Чавушоглу Украинадагы согуштун глобалдык энергетика жана азык  - түлүк коопсуздугу маселесин күн тартибине алып келгендигин, азык  - түлүк жана энертегика коопсуздугу болбостон  эч бир өнүгүү аракетинин ойлонулбай тургандыгына көңүлдөрдү бурду.

Чавушоглу буларды белгиледи : «БУУ менен  ортомчулук кылган Стамбул дан келишими дүйнөдөгү ар бир үй  - бүлөгө жардам берүүдө. Муну узартуу үчүн көп аракет кылып жатабыз».



Тектеш кабарлар