Куткаруучу топтор уранды астында калгандарды чыгарууну улантышууда

Уранды астынан куткарылгандар тууралуу кубантуучу кабарлап келүүдө.

1946281
Куткаруучу топтор  уранды астында калгандарды чыгарууну улантышууда

Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин жабыркагандарга жардам берүү үчүн топтор болгон күчү менен иштеп жатышат.

Уранды астынан куткарылгандар тууралуу кубантуучу кабарлап келүүдө.

Кахраманмарашта бир имараттын урандысынан 35 жаштагы аялдын жер титирөөдөн 205  сааттан кийин куткарылгандыгы билдирилди. 

Дулкадироглу районунда да жер титирөөдөн 198 сааттан кийин 2 бир тууган урандыдан чыгарылды.

«Кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин издөө -  куткаруу аракеттери кыйроонун 9 -  күнүндө да улантылууда.

Кахраманмарашта Дулкадироглу районундагы Сүтчү Имам мааласында Салман Зүлкадироглу бульварында кыйраган имараттын урандысында иштеген көп сандаган  куткаруучу топ жер титирөөдөн кийин 198 -  саатта 17 жаштагы Мухаммед Энес Йенинарды андан кийин да агасы 21 жаштагы Баки Йенинарды куткарды. Жаралуу куткарылган бир туугандар тез жардам менен ооруканага адып барылды.

Адыяманда кыйраган имараттын урандысында калган 18 жаштагы Мухаммед Жафер Четин да 198  сааттан кийин урандыдан чыгарылып, саламаттыкты сактоо топтору тарабынан ооруканага алып барылды.

Хатайда 26 жаштагы Эмине Акгүл 201 - саатта урандыдан чыгарылды. Акгүл тез жардам унаасы менен ооруканага алып барылды. 

Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн  204 -  саатында да Хатайдын Антакия райлнунда уранды астында калган Муна Дабул аттуу чет элдик аял куткарылып, ооруканага жаткырылды.

Өткөн жумада болгон жана 10 облусту таасири астына алган  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын ааты» деп мүнөздөлдү.

 



Тектеш кабарлар