Кереметтүү куткаруулар...

Урандылардын астынан куткарылган жандар адамдардын жүрөгүн аз да болсо жылытат. «Кереметтүү куткаруулар» бүт Түркияны кыймылга келтирет.

1945657
Кереметтүү куткаруулар...

6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөдөн кийин куткаруучу топтор өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган кырсыктан жапа чеккендерге жардам колун сунуу үчүн катуу иштеп жатышат.

Урандылардын астынан куткарылган жандар адамдардын жүрөгүн аз да болсо жылытат. «Кереметтүү куткаруулар» бүт Түркияны кыймылга келтирет.

Хатайдын Антакия районунда жер титирөөнүн 182-саатында 12 жаштагы бир бала басып калган имараттын урандыларынын арасынан куткарылды.

178 сааттан кийин Антакияда 70 жаштагы Нурай Гүрбүз менен Адыяманда кыйраган имараттын урандылары астында калган 6 жаштагы Хивай Үшер аттуу бала куткарылды.

Адыяманда кыйраган имараттын урандылары астында калган 6 жаштагы Мирай аттуу бала менен Хатайдын Антакия районунда 70 жаштагы Нурай Гүрбүз жер титирөөдөн 178 сааттан кийин куткарылды.

177 сааттан кийин Антакия районунда 26 жаштагы Деря Акдоган менен Адыяманда 35 жаштагы Бюньямин Идажы урандылардын астынан тирүү куткарылды.

Газиантепте кулаган имараттын урандылары астында калган 40 жаштагы Сибел Кая 170 сааттан кийин куткарылды.

Антакия районунда да 77 жаштагы Өмер Атеш 163 сааттан кийин төрт кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан куткарылды.

Адыямандын Бесни районунда 60 жаштагы Эренгүл Өндер 166 сааттан кийин, 10 жаштагы Асима Балтажы 158 сааттан кийин куткарылды.

 



Тектеш кабарлар