Түркияга гуманитардык жардамдар келүүнү улантууда

10 облусту таасири астына алган Кахраманмараш жер титирөөсүнөн кийин дүйнөнүн ар тарабынан Түркияга гуманитардык жардамдар келүүдө.

1945169
Түркияга гуманитардык жардамдар келүүнү улантууда
yunanistan yardim.jpg
pakistan elci yusuf cuneyd deprem yardim.jpg
katar disisleri bakani Muhammed bin Abdurrahman Al Sani-blinken.jpg
Eric Adams deprem yardim.jpg
Mark Rutte deprem yardim.jpg

10 облусту таасири астына алган Кахраманмараш жер титирөөсүнөн кийин дүйнөнүн ар тарабынан Түркияга гуманитардык жардамдар келүүдө.

Иран Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин Түркияга талаа ооруканасы,  медициналык топ жана гуманитардык жардам материалдарын жиберди.

Россия да Кахраманмарашта талаа ооруканасын курду.

Азербайжан да Түркияга 1015 чатыр жиберди. Азербайжан кечээ да аба жолу жана кургактык аркылуу Түркияга 1000ден ашуун чатыр жиберген.

Тайвань калкы жабыркагандар үчүн жардам кампаниясын баштатты. 

Грециянын борбор шаары Афинадагы ыктыярчылар жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн муниципалитет имаратында жардам материалдарын чогултушту. Батыш фракиялык тектештердин жабыркоочулар үчүн жардам аракеттери улантылууда.

Греция боскетбол лигасында да бул жумадагы оюндарда алынган ар бир упай үчүн Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 10 евродон жардам берилери билдирилди.

Италиядан да Түркияга жардам ташыган аскердик кеме жолго чыкты.

Испаниянын борбор шаары Мадриддеги жарандар чогулткан жардам матераилдары  Түркияга жиберилди.

Түркиянын Варшава элчилигинин координациясында кечээ биринчи фура  Польшанын борбор шаары Варшавадан Түркияга жол тартты.

Нидерландиянын премьер - министри Марк Рютте Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин Нидерландиядагы Диний Фондунун (HDV) Роттердам мечитине барып, жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Англиянын борбор шаары Лондондо исламдык жардам уюму тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн башталган жардам кампаниясынын алкагында жума намазынан кийин Финсбери Парк мечитинде жардам чогултулду. Студенттердин жардам чогултуусуна Британиянын премьер - министри Риши Сунак да катышты.

Германиядагы Түрк - Ислам Дин Биримдиги чогулткан акчалай жардам 18 жарым миллион еврого жетип рекорд койду.

Оккупациядагы  Батыш Шериада мечиттерде жүргүзүлгөн жардам кампаниясында 1 миллион доллар чогултулду.

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани менен АКШнын тышкы иштер министри Энтони Блинкен борбор шаар Вашингтондо жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда жардам жана куткаруу иштери үчүн эл аралык аракеттерди координациялоо жолдорун талкуулашты. Нью - Йорктун мэри Эрик Адамс жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жардам чогултулган Бруклиндеги түрк мечитине барып, ар дайым башка өлкөлөргө жардам берген Түркиянын «жанында болгусу келгенин» айтты. АКШнын Johnson & Johnson фармацевтикалык компаниясы да 1 миллион доллар салым кошо турганын жарыялады.

Пакистандын Анкара элчиси Юсуф Жүнейт борбор шаар Анкаранын Кечиөрен районунда курулган жардам чогултуу борборуна колдоо көрсөтүп, жардам иштерине катышты.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандарга чогултулган гуманитардык жардамдын биринчи бөлүгүн жөнөттү.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун көрсөтмөсү менен борбор шаар Ашхабаддан түрк элине медициналык каражаттар, текстиль, азык-түлүк жана түрдүү кышкы кийимдер жөнөтүлдү.

Сенегалдык Түркия бүтүрүүчүлөр коому жана Түркия - Сенегал ишкерлер кеңеши Түркиянын Дакар элчилиги аркылуу акчалай жардам көрсөтүштү.

Ирактын Керкүк шаарындагы бардык мечиттерде Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам кампаниясы башталды.

Миңдеген бангладештик Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) борбор шаар Даккадагы кеңсесине жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тонналаган жардам материалдарын алып келишти.

Бириккен Араб Эмираттарынын  улуттук авиакомпаниясы Эмират Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга чукул жардам жеткирүү үчүн Дубайдан Стамбулга аба көпүрөсүн курду.

Кытайдагы Guangzhou Logistics компаниясы тарабынан башталган кампания менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жеткирүү үчүн Гуанчжоу шаарында жардам чогултулду.

Колумбиялыктар борбор шаар Боготада жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жардам кампаниясына катышты.



Тектеш кабарлар