Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 17 миңден ашты
Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.
1944085
Очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны 17 миң 347ге жетти.
Апаат жана чукул кырдаалдар төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, 6-февралдагы жер титирөөлөр болгон апаатта каза болгондордун саны саат 20.50гө карата 17 миң 134кө, жаралуулардын саны 70 миң 347ге жетти.
Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу топтору менен бирге аймакта 113 миң 201 кызматкер иштеп жатат.