Шентоп: «Европада мусулман душмандыгына мамлекеттер колдоо көрсөткөнүн көрүп жатабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Анадолу агенттигинин (AA) редакциясында конок катары күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, баа берди.

1941299
Шентоп: «Европада мусулман душмандыгына мамлекеттер колдоо көрсөткөнүн көрүп жатабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп: «Биз Европада түрк, ислам жана мусулман душмандыгына карата олуттуу тенденция бар экенин жана мамлекеттер бул ыкмаларга каршы чыгуунун ордуна пайдубалын түптөшкөнүн көрүп жатабыз»,- деди.

Шентоп, Анадолу агенттигинин (AA) редакциясында конок катары күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, баа берди.

Швецияда Курандын өрттөлүшү боюнча Шентоп: «Куранга болгон урмат-сыйсыздык жана кол салууларды мусулмандар эле эмес, эч ким жактырбашы керек. Биз бардык ыйык китептердин ушундай урматталышын каалайбыз»,-деп өз пикири менен бөлүштү.

Шентоп ыйык китептерге урмат-сыйсыздыкты айыптап, сөзүн мындайча улантты: «Сиз нааразылык билдирип, сындасаңыз болот, бирок китепти өрттөп салуу - бул бизге инквизиция мезгилин жана Гитлер доорун эске салган примитивдүү жүрүм-турум жана мамиле. Бул жерде маселе бир адам бул жорукту кылып жатканында эмес, Швециянын да анын акциясын өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатканында. Билесизби, ал бул жорукту ошол жерде полициянын коргоосу астында кылган. Бул Швеция мамлекетинин кылмашка шериктештиги болуп саналат.

Кийинчерээк муну «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бир нече күндөн кийин бул да туура эмес экени, кош стандарттуулуктун айынан болуп чыкты. Курандын өрттөлүшүн коргоого алган полиция бул жолу Тоораттын өрттөлбөөсү үчүн чара көрдү. Биз бул кош стандартты абдан ачык көрдүк. Европада түрк, ислам жана мусулман душмандыгына карата олуттуу бир тенденция бар экенин жана мамлекеттердин бул мамилелерге каршы чыгуунун ордуна негиз түзүп жатканын көрүп жатабыз»,-деди.

Бүткүл Европа өлкөлөрү кабыл алган террордук уюмдун мүчөлөрү Швециянын борборунда ээн эркин жүрүп акция өткөрө аларын айткан Мустафа Шентоп: «Биз Швеция парламентинин спикери менен көп жолу сүйлөштүк, эмне үчүн НАТОго кирүүнү каалайсыз, өлкөңүздүн коопсуздугун дагы да чыңдоо үчүн деп. НАТОнун бардык мүчөлөрү, чындыгында Түркия да ушул себептен НАТОдо. Ооба, биз Түркия катары кошулдук. Анда эмне үчүн биз коопсуздугубузга доо кетире турган башка мамлекеттин киришине макул болушубуз керек? Андай болсо бул такыр логикага сыйбаган бир нерсе болот»,-деп айтты.

Шентоп, Швециядан террордук уюмдун ал жердеги иш-аракеттерине бөгөт коюусун жана террор менен байланышы бар адамдарды Түркияга өткөрүп беришин күткөндөрүн, бул кадамдарды көрбөй туруп Түркиянын Швециянын эмне кыла турганына ишениши мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар