Эрдоган «Өндүрүмдүүлүк жана технология жарманкесинин» ачылышына билдирүү жөнөттү

Эрдоган андан соң Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу Афён-Шухут жолунун ачылыш аземине катышты.

1941258
Эрдоган «Өндүрүмдүүлүк жана технология жарманкесинин» ачылышына билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өжөрлүк менен улантып жаткан Улуттук технология кадамдарынын негизинде бүгүнкү күндө Түркия кылымынын сөз болуп жатканын айтты.

Баш калаа Анкарада өткөрүлгөн «5-Өндүрүмдүүлүк жана технология жарманкесинин» ачылышында президент Эрдогандын билдирүүсү окулду.

Эрдоган билдирүүсүндө Түркиянын бир гана технологияны керектөөчү эмес, долбоорлоочу, пландоочу жана өндүрүүчү өлкө болуу жолунда бекем кадам таштаганын белгилеп, ушул максатта өлкөнүн бардыгын камтыган изилдөө-өнүктүрүү AR-GE жана технологиялык экосистеманы түзүү үчүн ар бир тармакта стимулдарды жана колдоо көрсөтүүнү улантып жатышканын айтты.  

Эрдоган мындай деди:

«Шарттарга карабастан тынымсыз улантып жаткан Улуттук технологиялык кадамдарыбыздын негизинде бүгүнкү күндө Түркия кылымы жөнүндө сөз кыла алуудабыз. Келечектин дүйнөсүндө барган сайын маанилүү болгон өндүрүмдүүлүк жана технологияда да Түркия кылымы көз карашыбызды ишке ашырууга чечкиндүүбүз. Буюрса муну да акыркы 20 жылдагыдай эле мамлекеттик, жеке менчик, университет жана студенттер менен бирге 85 миллион катары ишке ашырабыз».

Эрдоган андан соң Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу Афён-Шухут жолунун ачылыш аземине катышты.



Тектеш кабарлар