F-16лар боюнча айтымдар

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1940355
F-16лар боюнча айтымдар

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) F-16 сатып алынышына байланыштуу алдын ала «шарт» айтымдары тууралуу: "Бул Түркия үчүн эч качан кабыл алынбайт",-деди.

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Калын АКШнын F-16 келишими үчүн Швеция менен Финляндиянын НАТО мүчөлүгү бекитилиши керек деген шарт кое тургандыгы жөнүндөгү айтымдарга токтолуп: "Биз F-16 программасын аба күчүбүздү көбөйтүү үчүн альтернатива катары эсептейбиз. Эгер АКШ шарттарды коюп, ушундай мамиле кылса биз өзүбүздүн жолубузду улантабыз. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана жөндөмдөрүбүздү өнүктүрүүнү улантабыз. (Президент Жо) Байден жетекчилигинин ниетин жана каалоосун билебиз, бирок ал кандайдыр бир жол менен Конгрессте такалып калса биз ошого жараша баа беребиз, алар муну алдын ала шарт катары коюп ошол эле учурда Грециянын F35 талабына оң жооп беришсе ачык түрдө НАТО альянсындагы бейтарап позицияларын жоготкон болушат»,-деди.


Этикеткалар: #F-16 сатып алынышына

Тектеш кабарлар