Акар: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөштү улантабыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кайсериде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын гүлдөп өнүккөн деңгээлге жетүү жолунда коргонуу жана коопсуздук жагынан тоскоолдуктарды жоюу үчүн күнү-түнү аракет кылгандарын баса белгиледи.

1939165
Акар: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөштү улантабыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берди.

Акар кечээ Кайсериде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын гүлдөп өнүккөн деңгээлге жетүү жолунда коргонуу жана коопсуздук жагынан тоскоолдуктарды жоюу үчүн күнү-түнү аракет кылгандарын баса белгилеп: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Жалгыз бутабыз террористтер. Күрт туугандар менен эч кандай маселебиз жок. Түрктөр менен күрттөр бир тууган. Түрктөр менен күрттөр бир бүтүн абалында. 85 миллион бир муштум, бир жүрөк болуп күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.

Министр Акар да Куранга жасалган кол салууларга байланыштуу: «Уятсыз иштерге, кыянаттыктарга, адепсиздерге, Куранды өрттөгөн абийирсиздерге каршы Түркия бар. Тилекке каршы, башка досторубуз, бир туугандарыбыз үн катпайт. Батышта эркиндик, адам укуктары, инсан эркиндиги, ишеним эркиндиги тууралуу айткандар миллиарддаган адамдардын ишенимине шек келтирүүгө ачык эле унчукпай турушат»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар