Түркия Крым татарларынын бошотулушун талап кылды

Түркия Крымда 13 жылга кесилген 5 Крым татарынын бошотулушун талап кылды.

1931436
Түркия Крым татарларынын бошотулушун талап кылды

Түркия Крымда 13 жылга кесилген 5 Крым татарынын бошотулушун талап кылды.

Тышкы иштер министрлигинен жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө : "Крымдык татар тектештерибиз Жемил Гафаров, Сервет Газиев, Эрфан Османов, Алим Каримов жана Сейран Муртазанын бүгүн (кечээ) чыгарылган чечим менен 13 жылга эркинен ажыратылышы бизди тынчсыздандырууда", - деп айтылды.

Билдирүүдө Түркиянын Крым татарларынын өз мекенинде эркин жана коопсуз жашоо укугуна колдоосу дагы бир жолу белгилен билдирүүдө булар айтылды : «Аты аталгандар жана мындан мурда да ушундай себептер менен камакка алынган Крым татар Улуттук Парламентинин төрага орун басары Нериман Жалал, Асан Ахметов жана Азиз Ахметовдор сыяктуу Крымда сясий  себептер менен камакка алынган бардык текештерибиздин кыска убакытта эркиндигине жана үй - бүлөлөрүнө  жетиши үчүн керектүү кадамдардын ташталышын күтүп жатабыз".



Тектеш кабарлар