Пакистандын премьер-министри Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Твиттердеги баракчасынан билдирүү жарыялады.

1931451
Пакистандын премьер-министри Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өлкөсүндөгү сел менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркияга ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр Шариф, Твиттердеги билдирүүсүндө президент Эрдогандын Женевада өткөрүлгөн Климатка туруктуу Пакистан эл аралык конференциясына жиберген билдирүүсүнө абдан ыраазы болгонун баса белгиледи.

Шариф, президент Эрдогандын Пакистандагы селден жабыркаган элге жардам көрсөтүү иштерине жетекчилик кылганын белгилеп, Түркияга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пакистанда жай айларында таасирдүү болгон муссон жамгырлары себеп болгон селден 1200дөн ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар