Министр Чавушоглу Түштүк Африкада

Баш калаа Кейптаунда жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу Түркиянын Кейптаундагы башкы консулдугунда уюштурулган сый кечеге катышып, түрк жарандары менен жолугушту.

1929769
Министр Чавушоглу Түштүк Африкада

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, 14-январга чейин улана турган Африка сапарынын биринчи аялдамасы болгон Түштүк Африкага барды.

Баш калаа Кейптаунда жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу Түркиянын Кейптаундагы башкы консулдугунда уюштурулган сый кечеге катышып, түрк жарандары менен жолугушту.

Министр Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) каршы эскертип: «Өзгөчө, сиздердин ФЕТӨгө карата сезимтал болушуңузду күтөбүз. Бул чыккынчы террордук уюм менен күрөшүүнү улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар