Чавушоглу израилдик кесиптеши менен сүйлөштү
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу кесиптеши Коэнди жаңы кызматы менен телефон аркылуу куттуктады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Израилдин жаңы тышкы иштер министри Эли Коэн менен телефон аркылуу сүйлөшүп : «Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Аль-Акса мечитине каршы провокациялык аракети кабыл алынгыс»,- деди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу кесиптеши Коэнди жаңы кызматы менен телефон аркылуу куттуктады.
Билдирүүдө булар айтылды : «Министр Чавушоглу Коэнге Палестина маселесине байланыштуу өлкөбүздүн сезимталдыктарын жана күтүүлөрүн эске салып, ушунун негизинде Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин мурунку күнү Месжид-и Аксага каршы провокациялык кыймылын кабыл алынгыс деп эсептегенибизди баса белгиледи.
Министр Чавушоглу Месжид-и Аксанын статусун сактоого маани бергенибизди баса белгилеп, ар кандай чагымчыл аракеттерден алыс болушун күткөнүбүздү кесиптешине айтты".
Сүйлөшүүдө эки министр эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашты.