Нидерландиялык изилдөөчү ТРТга маалымат берди

Рена Нетжес 2016 - жылдан бери Сириянын түндүгүндө изилдөө жүргүзүп келет. Нетжес жазгандары үчүн өзү да  үй - бүлөсү да террордук уюмдар тарабынан коркутулууда.

1927874
Нидерландиялык изилдөөчү ТРТга маалымат берди

ПКК/ЙПГ жикчил террор уюмунун караңгы жактарын  ачыкка чыгарган жана ушул себептен өлүм коркутууларына кабылган голландиялык изилдөөчү Рена Нетжес Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесине (ТРТ) маалымат берди.

Рена Нетжес 2016 - жылдан бери Сириянын түндүгүндө изилдөө жүргүзүп келет. Нетжес жазгандары үчүн өзү да  үй - бүлөсү да террордук уюмдар тарабынан коркутулууда.

«Ал аянтта (Сириянын түндүгүндө) өзгөчө Батыш медиасынан алган маалыматтардан башка бир жыйынтыкка жетиштим»,- деген Нетжес : «Бизге айтылгандар мен Сириядагы адамдардан уккандарымдан башкача. Кайсынысы туура муну изилдегим келди.  2016 - жылы биринчи жолу чек арадан өтүп, Сирияга барып, изилдөө жүргүздүм. Мен жеткен жыйынтыктарды айтуудан корккон жокмун», - деди.

Байкоолору жана жүргүзгөн изилдөөлөрү өзүн ПКК/ЙПГнын бутасына айландыргандыгын баса белгилеген Нетжес жикчил террордук уюмдун Сирияда басып алган аймакта кысым жасоочу режим  кургандыгын белгиледи.

«Сириялык күрттөр ПКК/ЙПГны жакшы көрбөйт. Анткени эзүүчү, көзөмөлгө алган жерлер негизинен 70 пайыз араптар жашаган жерлер. Араб уруулар да аларды каалашпайт. Аймактан качкандар бир гана ДЕАШтан качкан жок, ПКК/ЙПГдан да качышты»,- деп билдирди Нетжес.

Нидерландиялык изилдөөчү ПКК/ЙПГнын жарандарды да бутага алганын айтып : "(ПКК/ЙПГ мүчөлөрү) Батыштан алган акчалары бар, бирок алар эл үчүн эч нерсе курушкан жок. Бул жердеги мунайдын бир бөлүгүн да көзөмөлгө алышкан бирок эл жакырчылыкта. Алардын көп кысым жасагандыгын,  күрт жана сириялыктарга каршы террордук тактикаларды колдонуп жаткандыгын, бир аймакта  ДЕАШка каршы күрөшүп жаткандарын бирок Сириянын калган бөлүгүндө карапайым калкты бутага алып жаткандыгын айтуу керек. Ооруканага жана лагерге кол салуулар буга мисал боло алат" ,- деп билдирди.

Рена Нетжес Түркиянын көзөмөлүндөгү аймактардын (Сириянын түндүгүндөгү) эң коопсуз аймактар ​​экенин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар