Түрк аба жолдору 393 - учагын флотуна кошту

Бул тууралуу Билал Экши маалымат берди.

1926075
Түрк аба жолдору 393 - учагын флотуна кошту

Түрк аба жолдору (THY) 393 - учагын флотуна кошту.

THYнын башкы директору Билал Экши социалдык медиа эсебинен бул тууралуу бөлүшүп, 393 -учагынын флотко кошулганын жарыялады. Экши билдирүүсүндө : "2023 - жылга бир күн калганда паркыбызды жаңы учак менен толуктап жатабыз. 2003 - жылы 65 учак болгон болсо, 2023 - жылга 393 учак менен кирип жатабыз»,- деп билдирди.  Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк Каролина штатында Түрк аба жолдорунун командасы тарабынан кабыл алынган Boeing 787-900 Dreamliner тибиндеги жүргүнчү учагы TC-LLU канат коду менен катталды.



Тектеш кабарлар