Эрдогандын жаңы жылга карата билдирүүсү

Президент Эрдоган 2023 -  жылдын улуттун ар бир мүчөсү жана бардык адамзат үчүн  тынчтык, бейпилчилик, бакубатчылык менен толгон жыл болушун каалады.

1926090
Эрдогандын жаңы жылга карата билдирүүсү

Президент Эрдоган 2023 -  жылдын улуттун ар бир мүчөсү жана бардык адамзат үчүн  тынчтык, бейпилчилик, бакубатчылык менен толгон жыл болушун каалады.

Президент Эрдоган жаңы жылдык билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүндө : "2023 -  жылы өлкөбүздө Түркия кылымы көз карашыбыз менен республикабыздын жаңы кылымына жара тургандай бир топ чоң бурулушту баштайбыз",- деген Эрдоган : "Биздин максатыбыз мындан ары дүйнөлүк саясий жана экономикалык лиганын жогорку деңгээлине кирүү эмес, биздин максат - жогорку деңгээлде боло турган саясий жана экономикалык күчкө ээ болуу",-  деди.

Эрдоган дүйнөдө болуп жаткан терс окуяларга карабастан Түркияны дүйнөдө, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдөн айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүгүнүн иш менен камсыз кылуу жана өндүрүштөн баш тарпаган экономика модели болгондугун белгиледи.

Эрдоган акыркы мезгилде өлкө тарыхындагы эң жогорку жумуш менен камсыз кылуу көрсөткүчүнө, эң жогорку өндүрүштүк күчкө жана эң жогорку экспорт көрсөткүчүнө жеткендерин баса белгиледи.

Президент Түркияны  энергетика кризиси чыккан мезгилде ачылууларга жана эл аралык камсыздоо борборуна айланган жер болуу менен Түркияны  өзгөчөлөнгөн орунга алып чыгышкандарын  айтты.

Эрдоган террор менен күрөшүүдө да  чек ара операцияларын ийгиликтүү жүргүзө ала турган өлкөгө айланганын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар