Акар Гөкчеадага барды

Акарды Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири армия генералы Муса Авсевер, Деңиз күчтөрү командири адмирал Эржүмент Татлыоглу жана Аба күчтөрүнүн командири генерал Атилла Гүлан коштоп жүрдү.

1925902
Акар Гөкчеадага барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери, Чанаккаленин Гөкчеада районундагы аскердик бөлүктөрдө текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Министр Акар, Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири армия генералы Муса Авсевер, Деңиз күчтөрү командири адмирал Эржүмент Татлыоглу жана Аба күчтөрүнүн командири генерал Атилла Гүлан менен бирге Гөкчеадага барды.

Алгач Гөкчеада районунун акимдигине барган Акар, ардак китепчесине «Өлкөбүздүн өзгөчөлөнгөн райондорунан жана Эгей деңизиндеги Көгүлтүр мекенибиздин чептеринин бири болгон Гөкчеадага келгениме абдан кубанычтамын»,-деп жазды.

Аким Серхат Догандан иш-аракеттер тууралуу маалымат алган Акар, өкмөттүк имараттын чыга беришинде ага салам берген окуучулар менен бир азга сүйлөштү.



Тектеш кабарлар