Акар менен Фидан Москвада жолугушууларды өткөрүүдө

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Сирия кризиси, качкындар маселеси жана Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы биргелешип күрөшүү маселеси каралды.

1925001
Акар менен Фидан Москвада жолугушууларды өткөрүүдө

Түркия-Орусия-Сирия коргоо министрлери жана чалгын кызматтарынын жетекчилери Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушту.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Хакан Фидан менен Москвага барды.

Акар менен  Фидан, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббас жана эки өлкөнүн чалгындоо жетекчилери менен жолугушту.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Сирия кризиси, качкындар маселеси жана Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы биргелешип күрөшүү маселеси каралды.

Конструктивдүү маанайда өткөн жолугушуунун жыйынтыгында Сирияда жана бүтүндөй аймакта туруктуулукту камсыз кылуу жана сактоо үчүн үч тараптуу форматтагы жолугушууларды улантуу макулдашылды.

Улуттук коргоо министри Акар мекенине кайтаар алдындагы жолугушууга берген баалоосунда Сириядагы жана аймактагы абалдын эң кыска убакытта оңолушу, тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн эмнелер жасала аларын сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Түркиянын көз карашын жана баа берүүлөрүн жеткиргендерин жана башка тараптардын да баалоолорун уккандарын белгилеген Акар: «Жолугушууда биз көтөргөн эң маанилүү маселелердин бири терроризмге каршы күрөш болду. Биз бардык коңшуларыбыздын, айрыкча Сирия менен Ирактын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендик укуктарын урматтай турганыбызды, биздин жалгыз максатыбыз терроризм менен күрөшүү экенин, башка максатыбыз жок баса белгиледик. Сирияга да коркунуч туудурган ПКК/ЙПГ, ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын мүчөлөрүн таасирсиз кылууну максат кылганыбызды билдирдик. Өлкөбүздүн, элибиздин жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аракет кылып жатканыбызды айттык. Бул аракеттердин алкагында Сириядан Түркияга дагы көп миграцияны болтурбоо үчүн аракет кылып жатканыбызды да билдирдик. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү резолюциясынын алкагында бардык элементтерди камтыганын жана бүтүндөй чечилиши керектигин баса белгиледик. Бул жагынан алдыдагы күндөрдө аткарыла турган иштердин аймакта жана Сирияда тынчтык жана ырааттуулукка олуттуу салым кошо ала турганын ойлоодобуз»,-деди.

Аймакка тез арада тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулук кааларын баса белгилеген Акар: «Бул үчүн биз буга чейин кандай иштерди жасаган болсок, мындан ары да өз милдеттерибизди аткарып, керектүү салымыбызды кошобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар