Алтун: "Түркия бүгүнкү күндө туруктуулуктун аралы"

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада тарыхты чагылдырган «Оор жылдар» аттуу көргөзмөнүн ачылышын ишке ашырды.

1924130
Алтун: "Түркия бүгүнкү күндө туруктуулуктун аралы"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, дүйнөдө абдан олуттуу энергетикалык кризис болуп жатканын, Түркиянын болсо энергетика кризисин башкаруу менен бирге өлкөнү энергетикалык борборго айландыруу үчүн олуттуу кадамдарды таштаганын айтты.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада тарыхты чагылдырган «Оор жылдар» аттуу көргөзмөнүн ачылышын ишке ашырды.

1970-жылдардагы дүйнөдө болгон энергетика кризисин эске салган Алтун, Түркиянын да ал жылдарда көптөгөн социалдык жана экономикалык көйгөйлөр менен күрөшкөнүн белгиледи.

Алтун: «1970-жылдары дүйнөдө өтө оор энергетика жана мунай кризистери болгон жана Түркия да бул кризистерден катуу таасирленген»,-деди.

Учурда да дүйнөдө абдан олуттуу энергетика кризиси болуп жатканын баса белгилеген Алтун: «Бирок бүгүнкү Түркия бул энергетикалык кризисти башкарууда, ал тургай Түркияны тарыхында болуп көрбөгөндөй энергетикалык борборго айландыруу үчүн чечүүчү кадамдарды таштоодо»,-деп айтты.

Түркиянын 2002-жылдан кийин абдан олуттуу трансформациядан өткөнүн, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү кризистерге карабастан ырааттуулуктун аралы экенин баса белгилеген Алтун: «Түркия бүгүнкү күндө аймактык тынчтыкка жана глобалдык тынчтыкка кызмат кылган турукташтыруучу күч»,-деди.



Тектеш кабарлар