Эрдоган Рютте менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия-Нидерландия карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1923068
Эрдоган Рютте менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия-Нидерландия карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган курган диалог аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жанданганына канааттанганын билдирди.

Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарынын азыркы абалынын эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келбегенин белгилеген президент Эрдоган, Европа Биримдигинин кызыкчылыктарын бир же эки мүчө өлкөнүн тар жана кара ниет максаттарына багынтпоонун эки тараптын тең пайда табуу түшүнүгү үчүн жол ача турганын айтты.

Президент Эрдоган Орусия жана Украина менен дипломатиялык алакасын эң жогорку деңгээлде улантып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар