Алтун «Түрк дүйнөсүнүн жаңы муун медиа семинарына» видео кайрылуу жолдоду

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы, Түрк дүйнөсү жаңы муун медиа семинарынын абдан маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

1921819
Алтун «Түрк дүйнөсүнүн жаңы муун медиа семинарына» видео кайрылуу жолдоду

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, Түркиянын глобалдык жалган маалымат жана санариптик терроризмге каршы көрүлө турган ар бир чарага салым кошо турганын айтты.

Алтун Бурсада өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсүнүн жаңы муун медиа семинарына» видео кайрылуу жолдоду.

Жалган маалымат таратуу, каралоо кампаниялары жана кара ниет аракеттери кеңири жайылган жаңы муундагы массалык маалымат каражаттарында ар дайым жана бир гана чындык үчүн күрөшүү керектигин баса белгилеген Алтун: «Түркия баш болгон Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөр жалган маалымат сыяктуу кыйратуучу кыймылдарга эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн арасында»,- деди.

Алтун жаңы санариптик доордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана коркунучтар менен күрөшүү үчүн орток көз караш, орток миссия, орток тил жана орток максаттын айланасында биригип, Түрк дүйнөсү үчүн күчтүү кызматташтык жана өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүнүн чоң мааниси бар экенин айтты.

Алтун Түркиянын глобалдык жалган маалымат жана санариптик террорго каршы көрүлө турган бардык чараларга салым кошо турганын билдирди.

Түркиянын коомдук дипломатиядан коомчулук менен байланыштарга, жалган маалымат менен күрөшүүдөн кризисти башкарууга чейин абдан кеңири жана күчтүү коммуникация моделине ээ экенине көңүл бурган Алтун: «Биз "Түркия байланыш моделин" боордош өлкөлөргө, түрк дүйнөсүнүн масштабына жеткире аларыбызга ишенебиз»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы, Түрк дүйнөсү жаңы муун медиа семинарынын абдан маанилүү кадам экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар