THY: "Нигерия каттамдарында Ковид-19 чаралары алынып салынды"
THYнын социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.
1920647
Түрк аба жолдору (THY) Нигерия каттамдарына киргизилген коронавирус (Ковид-19) чектөөлөрүнүн алынып салынганын маалымдады.
THYнын социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө, Нигерияда ишке ашырылган Ковид-19 чараларынын аяктаганы белгиленди.
Билдирүүдө, бул өлкөгө саякаттоого бардык Ковид-19 чектөөлөрүнүн алынып салынганы кабарланып: «Бул өлкөгө киргенде эмдөө картасын же ПЦР тесттин көрсөтүү милдети жок. Сапарыңыз жакшы өтсүн» деген сөздөр камтылды.