Франциядагы өрттөн түрк жарандары да жабыркаган болушу мүмкүн

Түркиянын Лиондогу башкы консулдугу билдирүү жасады.

1920040
Франциядагы өрттөн түрк жарандары да жабыркаган болушу мүмкүн

Түркиянын Лиондогу Башкы консулдугу, Франциянын Волькс-ан-Велин шаарында 7 кабаттуу имаратта чыккан өрттөн түрк жарандарынын да жабыркаган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Консулдуктун Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Лиондун жанындагы Волс-ан-Велин шаарында бир имаратта өрт чыкканы тууралуу кабар бизди терең кайгыга салды. Өрт кырсыгынан жапа чеккен болушу мүмкүн болгон тургундарыбыздын абалына жергиликтүү жетекчилер менен бирге жакындан байкоо салып жатабыз» деген сөздөр камтылды.

Лионго жакын жерде өрт чыккан имаратта жашаган бир түрк аялдын дайынсыз болуп жатканы боюнча Анадолу агенттиги (AA) бул аялдын эжеси менен байланышып, дайынсыз экендиги жөнүндөгү маалыматты ырастады.

Франциянын Рона аймагындагы Лион шаарына жакын жерде кечээ түн жарымында 7 кабаттуу турак үйдө чыккан өрттө алгачкы маалыматтарга караганда 5и бала болгон 10 киши каза болуп, 14ү жаракат алган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн кийлигишүүсү менен өчүрүлгөн өрттүн себеби тууралуу жетекчилер азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Ички иштер министри Жералд Дарманин болсо өрт боюнча иликтөө башталганын кабарлаган. 



Тектеш кабарлар