Эрдоган Түркмөнстанда кесиптештери менен жолугушту

Жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Түрк Мамлекеттери Уюмуна (ТМУ) байкоочу мүчө катары кирген Түркмөнстандын толук мүчөлүк процессинин кыска мөөнөттө бүтүшү бизге чоң күч кошот»,-деди.

1918860
Эрдоган Түркмөнстанда кесиптештери менен жолугушту
Erdoğan Türkmenistan.2.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan-Serdar Berdimuhamedov.jpg
turkmenistan devlet baskani serdar berdimuhamedov-erdogan.jpg
Erdoğan Türkmenistan.1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түркмөн жаратылыш газын батыш рынокторуна ташууну азыр баштоолору керектигин айтты.

Президент Эрдоган Түркмөнстанда Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан мамлекет башчыларынын биринчи саммитинде түркмөн жана азербайжандык кесиптештери менен тар чөйрөдө жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Президент Эрдоган эки тараптуу жолугушууларынан кийин лидерлер жыйынында Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Түрк Мамлекеттери Уюмуна (ТМУ) байкоочу мүчө катары кирген Түркмөнстандын толук мүчөлүк процессинин кыска мөөнөттө бүтүшү бизге чоң күч кошот»,-деп айтты.

Эрдоган: «Өзбекстанда өткөрүлгөн Самарканд саммитинде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) ТМУга байкоочу катары кабыл алынышы да ынтымагыбызды жана биримдигибизди бекемдеди»,- деди.

24-февралдан бери уланып даткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу Эрдоган: «Дан келишими жана туткундарды алмашуу менен бирге дипломатияга мүмкүнчүлүк берилсе тынчтыкка жол ачылаарын көрдүк»,- деп билдирди.

Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү уланткандарын белгилеп: «Буюрса ок атышууну токтотууга, андан соң аймагыбызда туруктуу тынчтыкка жетишебиз деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган Түркмөнстан жана Азербайжандан Түркияга электр энергиясын өткөрүү боюнча иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.

Эрдогандын катышуусунда Түркмөнстанда өткөн Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан президенттеринин биринчи саммитинин алкагында Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын ортосунда соода, илим, билим, маданият, бажы, энергетика жана транспорт тармактарында 5 келишимге кол коюлду.

Эрдоган саммиттин алкагында азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен да жекеме-жеке жолугушту.



Тектеш кабарлар