Түрк куралдуу күчтөрү террористтерге каршы күрөшүн улантып жатат
Дагы 4 ПКК террористи колго түшүп берди.
Ирактын түндүгүндө Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан курчоого алынган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист багынып берди.
Улуттук коргоо министрлиги, абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда курчоого алынган террористтердин багынып берген учурларынын көрүнүштөрүн бөлүштү.
Министрликтин Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Террористтердин качуу жолу жок, жалгыз чечим Түркиянын адилетине багынып берүү. Десанттарыбыздын Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда кача албастыгын түшүнгөн 4 ПКК террористи колго түшүп берди. Террористтер менен бирге 4 даана АК-47 жөө аскер мылтыгы жана куралга таандык 600 ок, 10 граната, рация жана снайпердик мерчем да колго түшүрүлдү. Операцияны ийгиликтүү аткарган түрк аскерлерибизди куттуктап, ийгиликтүү миссияларды каалайбыз»,-деп айтылды.
Министрликтин берки билдирүүсүндө да, Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГга мүчө 3 террористтин таасирсиз кылынганы кабарланды.