Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы абалдар каралды.

1917492
Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы абалдар каралды.

Анда президент Эрдоган, Украина элинин оор кыш айларында гуманитардык жардамга муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аракеттерин улантып жаткандарын белгиледи.

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдогандын борбор шаар Анкарада коноктогон украиналык жетим балдар жана алардын шериктеринен турган 1033 кишилик топ менен тыгыз байланышта болгонун айтты.

Дан коридорунун ар түрдүү тамак-аш азыктары жана башка товарларды камтый тургандай кеңейтилиши мүмкүн экенин билдирген президент Эрдоган, Украинадагы Запорожье атомдук станциясы үчүн бир чечимге келээрин үмүт кылганын айтты.

Президент Эрдоган, Украинанын президенти Зеленский G-20 саммитинде жарыялаган тынчтык планын ишке ашыруу аракеттерине кошо ала турган салымдарды да баалагандарын айтты.

Эрдоган кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.



Тектеш кабарлар