Эрдоган: «Адам укуктарын коргоо биздин маданиятыбыздын негизги принциптеринин бири»

Президент Эрдоган «10-Декабрь Адам укуктары күнүнө» байланыштуу кайрылуусун жарыялады.

1917293
Эрдоган: «Адам укуктарын коргоо биздин маданиятыбыздын негизги принциптеринин бири»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, адам укуктарын коргоо Түркиянын көп кылымдык чогуу жашоо маданиятынын негизги принциптеринин бири экенин белгиледи.

Президент Эрдоган «10-Декабрь Адам укуктары күнүнө» байланыштуу кайрылуусун жарыялады.

Эрдогандын билдирүүсүндө:«Мен бардык жарандарымдын Адам укуктары күнү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 74 жылдыгы менен куттуктайм»,-деди.

Эрдоган өз кайрылуусунда: «Адамга болгон сый-урмат жана адам укуктарын коргоо биздин көп кылымдык чогуу жашоо маданиятыбыздын жана тамыры терең мамлекеттик салтыбыздын негизги принциптеринин бири. Мына ушул принциптерди жетектөө менен акыркы 20 жылда ишке ашырган комплекстүү реформаларыбыз менен укук жана эркиндиктерди ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюу менен үнсүз төңкөрүштү ишке ашырдык»,-деди.

Эрдоган өзгөчө жаран-мамлекет карым-катнаштарында адамдарды борборго койгон теңдикчил, камтыган жана либертарлык башкаруу ыкмасын камсыз кылгандарын баса белгиледи.

Эрдоган: «Сомалиден Сирияга, Ооганстандан Украинага чейин чөлкөмүбүздөгү кагылышууларда да гуманитардык позициябызды көрсөттүк»,-деп айткан Эрдоган: «Кагылышуу аймактарынан качкан миллиондогон эзилген адамдарды кабыл алган Түркия биринчи күндөн баштап эле тынчтыкты, ырааттуулукту жана бейпилдикти орнотуу үчүн чын жүрөктөн аракет кылган жалгыз өлкө болду»,-деди.

Эрдоган Кара деңиздеги эгин коридорун жана туткун алмашуу келишимин (Орусия менен Украинанын ортосундагы) ишке ашырышкандарын, миллиарддаган адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизген азык-түлүк жана энергетика кризисинин чечилишине салым кошкондорун айтты.

Түрдүү фронттордо террор уюмдары менен күрөшүүнү Түркиянын адам өмүрүнүн корголушуна, негизги укук жана эркиндиктердин пайдаланылышына берген маанисинин бир көрүнүшү катары көргөндөрүн баса белгилеген президент, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун зулумга, кысымга, адилетсиздик, мыйзамсыздык жана кош стандарттарга каршы үндөрүн көтөрүүнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар