Кайкконен Түркияга келет

Акар бейшемби күнү Кайкконен менен министрликте жолугушат.

1915303
Кайкконен Түркияга келет

Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен расмий сапар менен Түркияга келет.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бейшемби күнү Кайкконен менен министрликте жолугушат.

Жолугушууда эки тараптуу коргонуу жана коопсуздук маселелери, ошондой эле Финляндиянын НАТОго кирүү процессинин талкууланары күтүлүүдө.

Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берген Акар, Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатында бир көйгөйү жок экенин, бирок Түркиянын сезимталдыктарынын урматталышы керектигин айтты.

НАТОнун коопсуздук уюму экенин белгилеген Акар: «НАТОнун эң чоң күрөш тармактарынын бири терроризм. Терроризм азыр бардык өлкөлөр үчүн олуттуу көйгөй. Түркия бирден ашык террордук уюм менен күрөшүп жаткан жалгыз өлкө. Муну көрүү жана бул багытта эмне кылып жатканыбызды билүүлөрү керек»,-деди.

Июнь айындагы Мадрид саммитинде Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу үч тараптуу меморандумга кол коюлганын эске салган Акар: «Меморандум түшүнүктүү. Швеция менен Финляндия тарабынан кол коюлган милдеттенмелер бар. Биз булардын аткарылышы керек экенин билдиребиз.../.../ Бул өлкөлөрдө кээ бир чагымчыл аракеттердин жана көрүнүштөрдүн дагы деле уланып жатканына өкүнүчтүүбүз. Швециянын да, Финляндиянын да конкреттүү кадамдарды ташташын күтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар