Хулуси Акар террор менен күрөшүү, дан коридору тууралуу билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бул жылдын башынан бери 3 миң 585 террорристтин жок кылынгандыгын белгиледи.

1909420
Хулуси Акар террор менен күрөшүү, дан коридору тууралуу билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 2015 -  жыл 24 -  июлдан ушул кезге чейин өлкө ичинде, Ирак жана Сириянын түндүгүндө 36  миң 854, бул жылдын башынан бери 3 миң 585 террорристтин жок кылынгандыгын белгиледи.

Түркия Улуу Улутутк Парламентинин Пландоо жана бюджет комиссиясында Улуттук коргоо министрлигинин 2023  - жыл үчүн бюджетинин сүйлөшүүлөрү башталды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар комисияда министрликтин 2023 – жылдын бюджетине байланыштуу  окуган докландында күн өткөн сайын көрүлгөн чаралар менен бир гана 1 -  январдан тарта чек араларда 234  миң 282 кишинин өтүшү бөгөттөлгөндүгүн айтты.

 2015 - жылдын 24 - июлунан бери өлкөдө, Ирак жана Сириянын түндүгүндө жалпы  36 миң 854 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин белгилеген Акар, бул жылдын башынан бери 3 миң 585 террористтин таасирсиз абалга келгенин айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүп жаткан бир гана армия экендигин баса белгилеген Акар ДЕАШтын 4 миң 500 террористинин жок кылынгандыгын билдирди.

Акар (Түркиядан) болжол менен 560 миңге жакыны Идлибге кеткен 1 миллиондон ашуун сириялыктын үйлөрүнө жана жерлерине ыктыярдуу, коопсуз түрдө кайткандыгын айтты.

Хулуси Акар дан коридору келишининин негизинде ушул кезге чейин Украина портторунан жалпы 12 миллион тоннага жакын дандын муктаж өлклөргө коопсуз түрдө жиберилгендигин да белгиледи.



Тектеш кабарлар